×
Бул маселелер мусулман балдары сөзсүз билүүгө тийиш болгон Аллах Тааланын дининдеги кээ бир маселелер. Буларды ата-энелер балдарына жаштайынан үйрөтүүсү зарыл милдет. Бул акыйда, фыкх, сиро, адеп, тафсир, хадис, ахлак жана зикр боюнча толук кандуу, оңой жана жеңил программа. Ал жаш балдарга, бардык курактагыларга жана Исламды жаңы кабылдагандарга ылайыктуу. Үйлөрдө, тарбия борборлорунда жана окуу жайларда жаттатуу жана түшүндүрүү үчүн берилет. Аны илим тармактарына карап иреттеп, суроо-жооп түрүндө түздүм; анткени мындай ыкма акылды курчутуп, эс тутумду бекемдейт. Тарбиячы мындан алардын курагына ылайыктуусун тандап алса болот.